БЕТИНЕ Көө ЖАБЫЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Эл алдында катуу уят болуу, маскара болуу, шермендеси чыгуу. Баарыбыздын бетибизге жабылган көө болбодубу? (Тойбаев). Караланган адамдарыбыз акталды, бетибизге көө жабылбай куландан соо калдык деп түшүнсөк, анда жаңылышып калабыз (Жантөшев). В.: Бетине көө сыйпалуу. Айыпсыз жерден бетине көө сыйпалып, кадыр-барктан ажырай жаздап отурган жакшынакай эле адамдарды көрүп отуруп чыдай албадым («Ленинчил жаш»).